Жаңылыктар
УКМК: Жасалма акча саткан эл аралык кылмыштуу топ кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жасалма акча саткан эл аралык кылмыштуу топ кармалды

Өлкө аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген, трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. УКМК билдиргендей, кылмыш ишинин алкагында Бишкекте трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Түркияда жасалган жасалма АКШ долларын сатуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарын кармады. 

Кармалган адамдар Өзбекстан жана Түркиянын жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан. Учурда эки өлкөнүн аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.