Жаңылыктар
Президент бала кезинде ким болгусу келген?
Кыргызстан жаңылыктары
Президент бала кезинде ким болгусу келген?

Кыргызстанда жаштардын саны калктын үчтөн бирин түзөт. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, 14төн 35 жашка чейинки курактагылар жаштар категориясына кирет. Учурда 7 млн калк болсо, мунун 35 пайызы ушул котегорияга туура келгендер.

Кыргызстандагы демографиялык өсүү, төрүлүүнүн санына ылайык жаштардын статистикасы дагы да көбөйөт. Андыктан мамлекет жаштар саясатын күчтөп, алардын билимине, саламаттыгына, кесипке даярдоого көңүл буруусу керек. Келечекте өнүккөн өлкө болушу үчүн, калктын негизги катмарын түзгөн жаштарды атаандаштыкка жөндөмдүү кылып өстүрүү зарыл. Тилекке каршы буга чейин жаштардын көбү миграцияга чыгып кетти.

28-ноябрда Бишкекте “Кыялымдагы Кыргызстан” аталышындагы республикалык жаштар форуму болуп өттү. Ага президент катышты. Бул багыттагы мамлекеттик саясаттын багыты, келечек пландар тууралуу маалымат берди.