Жаңылыктар
Жалал-Абадда жоокерге ок тийип, каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда жоокерге ок тийип, каза болду

Аны чогуу кызмат өтөп жаткан солдат аткан. Бул маалыматты Ала-Тоо 24 каналына ИИМдин ички аскерлеринин басма сөз кызматы тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя бүгүн таңкы саат алтыларда ИИМдин ички аскерлер бөлүмүндө катталган. 23 жаштагы шектүү окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда. Тез жардам бригадасы окуя болгон жерге барганда жоокердин каза болгонун аныкташкан. 

Анын сөөгү Кара-Көл шаарындагы оорукананын моргуна жеткирилген. Учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканы айтылууда.