Жаңылыктар
Кыргызстан-Япония: Тарыхый кызматташтык
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Япония: Тарыхый кызматташтык

Тынч океандын Чыгыш Азия тарабында жайгашкан арал түрүндөгү Япония өлкөсү. Экономикасы эң күчтүү делген мамлекеттердин үчилтигине кирип, дүйнөдөгү жалпы ички дүң өндүрүмдүн 7 пайызы да дал ушул өлкөгө туш келет. Ал эми Япониянын өзүнүн ички дүң өндүрүмүн ала турган болсок, былтыр 4 триллиондон ашкан. Ар кандай экономикалык каатчылыктарга карабастан бул көрсөткүч улам өсүп барууда. Албетте, экономикалык сандар менен салыштыра турган болсок Япония Кыргызстандан ушунчалык алыс өлкө. Бирок, ошол эле убакта алган багыты, эки тараптуу кызматташууга болгон кызыктарлыгы менен ушунчалык жакын өлкө.