Жаңылыктар
Нарын шаарынан Элдик курултайга делегат болуп кимдер шайланды?
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарынан Элдик курултайга делегат болуп кимдер шайланды?

15-декабрда өтүүчү Республикалык Элдик Курултайга Нарын шаарынан төрт делегат шайланды. Аларды тандоо атайын белгиленген тартип менен өткөрүлүп калаанын беш чөлкөмүнөн келген 180 делегат ачык добуш берүү менен шайлашты. Жыйында Элдик Курултайда көтөрүлүүчү маселелер дагы талкууланды. 

Экинчи ирээт уюштурулуп жаткан элдик курултайдын бул жолкусунда Нарын шаарына төрт квота берилген. Ал эми аны жер жерлерде уюштуруу өткөрүү тартиптери мурункусундай эле калтырылган. Ал эми облус аймагы боюнча элдик курултайга элүү сегиз делегат бараары белгиленген. Өткөн жылы болсо облус аймагынан 128 делегат шайланган.