Бүгүн, 28-мартта футбол боюнча Кыргызстан курамасы Индия курамасы менен беттешет.
Оюн “Үч улуттун кубогу” эл аралык турнирдин алкагында Калькутта шаарында өтөт. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 18:30да башталат.
Бул турнирдин финалдык беттеши, буга чейин эки команда тең Мьянма менен ойногон. Индия 1:0 эсебинде жеңишке жетсе, Кыргызстан Мьянма менен тең чыгып калды (1:1).
2 турдан кийинки турнирдик жадыбал
1. Индия - 3 упай
2. Кыргызстан - 1 упай
3. Мьянма - 1 упай