Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинети баяндама жасады. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берди.
Министр белгилегендей, быйыл дагы айыл чарбасын каржылоо долбоору улантылат. Анын алкагында дыйкан, фермерлерге 6% жеңилдетилген насыя берилет. Азыркы учурда 11 миң киши кезекте турат. Каржы министрлиги каражаттарды которору менен таратуу иши башталарын кошумчалады.
Быйылкы жазгы талаа жумуштарына жер семирткич, үрөн жана күйүүчү май таңсыктыгы жаралбайт деп ишендирүүдө министр.