Жаңылыктар
Бишкекте "Өспүрүм-түн" рейди өттү, жыйынтыгында 17 өспүрүм көзөмөлсүз жүргөнү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте "Өспүрүм-түн" рейди өттү, жыйынтыгында 17 өспүрүм көзөмөлсүз жүргөнү аныкталды

Бишкекте өткөн "Өспүрүм-түн" рейдинде көзөмөлсүз жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын максаты балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Анын алкагында түнкүсүн көчөдө чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталган жана ошол замат ата-энелери жерине чакыртылып, катуу эскертүүлөр берилди.

 Алардын 2 өспүрүмдүн ата-энеси менен байланыш жок болгондугунан, алар убактылуу ЖУАБна жайгаштырылышты.

Белгилей кетсек, түнкү саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жаш балдарга мыйзамдуу чектөө бар.