Орто-Токой суу сактагычына Чакан ГЭС курулат. Тиешелүү меморандумга Энергетика министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жана "China National Heavy Machinery Corporation" компаниясынын ортосунда кол коюлду.
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, документке ылайык, кубаттуулугу 21 Мвт түзгөн Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курулат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документ калкты электр энегиясы менен камсыз кылууда жана өлкөдөгү энергетикага болгон тартыштыкты жоюга багытталган негизги кадамдардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле министр Орто-Токой суу сактагычында “Чакан” ГЭС курууга энергетика министрлиги кызыкдар экенин билдирди.