Жаңылыктар
Тажик чек арачылары 427 баш топозду кайтарып берди
Кыргызстан жаңылыктары
Тажик чек арачылары 427 баш топозду кайтарып берди

Тажикстандын аймагына өтүп кеткен Кыргызстандын жарандарынын малы кайтарылды. 

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин Ош облусу боюнча башкармалыгына 12-январда жарандар алардын 427 баш топозу жайлоодо коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткени боюнча кайрылышкан. Малчылар сууктан улам топоздорду өз алдынча издей алышкан эмес.

13-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, андан соң топоздор ээлерине кайтарылган. УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арага байланыштуу суроолор жаралган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүгүнө кайрылуусу керектигин эскертет.