Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1 миң 260 адам катышты. 

Маалыматка ылайык, катышуучулардын 893ү же 70,9 пайызы 100 же андан жогору балл топтоду. Республика боюнча ЖРТ жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү. 

Тестирлөөдө максималдуу баллды Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алган. ЖРТны кыргыз тилинде 658, орус тилинде 602 катышуучу тапшырды. 

Эскертке кетсек, Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу ушул жылдын 26-декабрында башталат.