Жаңылыктар
Кытайдан келген дарыгерлер 600гө жакын жаранга бекер операция жасашат
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан келген дарыгерлер 600гө жакын жаранга бекер операция жасашат

Кыргызстандагы калктын аялуу катмарынын ичинде көзүнүн чел кабыгын операция жасатууга каражат таппай жүргөндөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Октябрь айында Кытайдан атайын дарыгерлер келип 600гө жакын жаранга бекер операция жасашат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолукканда талкуулады.

Эки тараптуу жолугушууда пандемия маалында Кытайдын көрсөткөн көмөктөрү айтылып, Байсалов ал үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан сырткары Кытай тарап кыргыз студенттери үчүн жума сайын бешемби күндөрү убакыт бөлүп, виза мселесин чечип берүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Ошондой эле тараптар экономикалык мамилелерди жакшыртып соода катыштарын күчөтүү жолдорун да талкуулады.