Жаңылыктар
Акылбек Жапаров ЕАЭБдин жыйынында мигранттарга жеңилдик берүү маселесин көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров ЕАЭБдин жыйынында мигранттарга жеңилдик берүү маселесин көтөрдү

Акылбек Жапаров ЕАЭБдин жыйынында мигранттарга жеңилдик берүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ар бир өлкөнүн улуттук мыйзамдары уюмдун келишимдерине каршы келбегендей болушу керек. 

"Бюрократияны жана кагаз толтуруу түйшүгүн азайтуу үчүн мигранттарды санарип технология менен каттоодон өткөрүү талап кылынууда. Биримдиктин жоболорунун алкагында медициналык тейлөөгө жана камсыздандырууга толук кандуу жол ачуу зарыл", — деди Жапаров. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй тууралуу айтып, товар ташууга тоскоолдук кылган өлкөлөрдү жазалоону сунуштады. Жазалоо инструментин иштеп чыгып, декабрда өтчү жыйында президенттердин кароосуна киргизүүнү демилгеледи.