Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 1 чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан ар дайым нөөмөттө турган 18 бөлүм тартылган.