Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өлкө аймагында 26-28-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталарын эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +41, Талас өрөөнүндө +39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө +42, тоо этектеринде +39, Суусамыр өрөөнүндө +32, Ысык-Көл ойдуңунда ++34, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында +36, тоолуу райондордо +29, бийик тоолордо +19 градуска чейин көтөрүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмде суу азайып кетишинен жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.