Кыргызстанда мугалимдик кесипке үйрөтө турган окуу жайды тандап алган жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн алардын стипенциясына кошумча акча төлөп берет. Бул туурасында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Анын айтуусунда, мындай колдоо жаштарды мугалимдик кесипти тандоого шыктандыруу максатында жасалууда.
Министрлер кабинети министрликтин - жалаң беш деген баага окуган студенттерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000, 3-курста 3000 жана 4-курста 4000 сомдон төлөп берүү тууралуу идеясын бир добуштан колдоду.