Ушул жылдын январь-май айында Кыргызстан 41,4 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет кабарлады.
Ал жалпысынан 390 миң долларга бааланып, аны бир эле импортер — Түркия сатып алган. Анткен менен былтыр алтын көп, тагыраагы, 4 тонна 135,7 килограмм көлөмдө сатылган.
Статкомдун маалыматында, май айына карата сыртка 7,7 килограмм чыкса, ал эми өткөн жылдын аталган мезгилинде 575,6 килограмм сатылган. 2021-жылы 5,6 тонна экспорттолгон, бул 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз.
Эске салсак, акыркы жылдары алтынды негизинен баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы аркылуу сатып келишкен.