Жаңылыктар
"Дордой" базарында өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
"Дордой" базарында өрт чыкты

Бишкектеги Дордой базарындагы 2 кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды.

Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт.

Аталган контейнерлерде тез тамак жасалуучу жана кийим сатуучу жайлар жайгашкан.

Жеринде ӨКМдин 60 куткаруучудан турган жалпы 7 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.