Жаңылыктар
Сугат маалына даярдык жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Сугат маалына даярдык жүрүүдө

Сокулук районундагы төрт айылды сугара турган Токбай каналы 6 чакырымдан ашык. 

3 жыл мурда каналды оңдоого мамлекеттен 4 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, анын 800 метри оңдолуп, былтыр 240 метрине бетон орнотулган. 

Өткөн жайда суунун азабын тарткан жергиликтүү дыйкандар быйыл өздөрү чыгып, каналды куруп эртерээк суу тартууга кол кабыш кылууда.