Жаңылыктар
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Кыргызстан жаңылыктары
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталып тургандыгын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу абдан жогору. 

Андан тышкары Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында, Кара-Көө ашуусунда, кар көчкү түшүү коркунучу бар.