2022-жылдын жай айларына чейин Кыргызстандын эки шаарында – Бишкекте жана Ошто, Орусиянын миграциялык борборлорун түзүү пландалууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев бул маселени Москва облусундагы "Сахарово" көп функционалдуу миграциялык борборунун жетекчилиги менен талкуулады.