Жаңы окуу жылына карата 8 колледжде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Окуу жайларда кабинеттер, лабораториялар, окутуучулар үчүн бөлмөлөр, ашканалар, жатаканалар, ажатканалар, эс алуу жайлары – жалпы аянты 40 миң чарчы метрден ашык орун жайлар оңдолуп жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн шарт түзүүгө да көңүл бурулууда.
Жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо үчүн реконструкциялоодо чыгуучу жерлер, ажатканалар, жашоо үчүн бөлмөлөр каралган. Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин колледждер окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү үчүн жабдуулар менен жабдылат.
Алсак, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин базасында автоэлектрониканы оңдоочу өнөркана, ал эми Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинде эмерек жасоочу цех, имараттар үчүн желдетүүчү каналдарды чыгаруучу ишкана жана курулуш материалдарынын сапатын текшерүү үчүн лаборатория иштей баштайт.
Колледждерди реконструкциялоо Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда жүзөгө ашырылууда. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.