Жаңылыктар
УКМКнын "жалган кызматкери" 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын "жалган кызматкери" 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атын сатып жүргөн жалган кызматкер кармалды. 

Маалыматтарга ылайык, УКМКга жакын тууганына карата Талас облусунун соту чыгара турган чечимди оң жагына өзгөртүгө көмөктөшөм деген убада менен 300 миң сом талап кылып жаткан жаранга карата арыз түшкөн. 

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. 

Иликтөөнүн алкагында талап кылган акчанын 200 миң сомун алып жаткан учурунда, УКМКнын атын жамынган алдамчы киши кармалды. 

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.