Жаңылыктар
Нарында издөөгө алынган жарандын сөөгү саздан табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында издөөгө алынган жарандын сөөгү саздан табылды

Нарында издөөгө алынган 66 жаштагы жарандын сөөгү саздан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын тургуну болгон. Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМдин куткаруу кызматына кайрылган. 

Жумгал райондук куткаруучулар тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн. Издөөнүн жыйынтыгында 4-март күнү изделген жарандын сөөгү сазда минген аты менен кошо тыгылып калган абалда табылган.

Куткаруучулар жаранды жана минген атынын жансыз денесин саздан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.