Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.
Министр Эркинбек Осоев маалымдагандай, учурда ведомство тарабынан жол куруу тармагын өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары тартылган жалпы долбоорлордун наркы 10 млн сомду түзөт. Курулуш иштери Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жана Талас-Тараз жолунда жүрүп жатат.
Реабилитацияланып жаткан участоктордун жалпы узундугу 143,9 км түзөт. Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Кеп Ысык-Көл айланма жолунун жана Арал-Суусамыр автожолунун 2 долбоордук участогу жөнүндө болууда.