Жаңылыктар
5-март - Ак калпак күнү
Кыргызстан жаңылыктары
5-март - Ак калпак күнү

Кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпак күнү 2011-жылдан баштап белгиленип келе жатат. 

2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен "5-Март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү", - деп расмий түрдө бекитилген. Мындай чечим улуттук кийимдин маанисин сактоо, улуттук каада-салтты колдоп өнүктүрүү, жарандардын кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. 

Калпак байыртадан кыргыз элинин улуттук баш кийими, ата-бабалардын бизге калтырган көөнөргүс мурасы катары сакталып, өзүнө терең философияны камтыйт. 

Ак калпак күнүнө карата Бишкекте жана аймактарда бир канча иш-чаралар уюштурулууда.