Дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө четинен ишке ашууда.
Учурда өлкөдө тизмеге алынган 6 миңден ашык дары каражаттары бар болсо, анын 800дөн ашыгы туруктуу бир баада сатылат. Дары сатуу тармагы менчик колдо болгондуктан баа саясаты толук бойдон бир калыпка түшө элек. Тиешелүү орган дүң жана чекене баасын бекитип, мониторинг кылуу укугуна ээ.