Акыркы бир жыл аралыгында өлкө боюнча 2 миңге чукул адам жарандык алууга арыз менен кайрылган. Ушул тапта алардын 600гө чукулу кыргыз жараны деген документти колуна алышты.
Алардын арасында көп убакыттан бери тиешелүү документтери толук болбой жаткандыгына байланыштуу, паспорт ала албай келгендер да бар. Эске сала кетсек, мындай иш аракеттер мамлекет башчысынын «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүп алуу тартиби жөнүндө» жарлыгынын негизинде ишке ашты. Ушул тапта бул багытта жер-жерлерде каттоо жана түшүндүрүү иштери уланууда.
«Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясы жана "Кадастр" ишканасы менен бирдикте өзү билип курулган курулуштарда жашаган жарандардын даректерин тактап жатабыз. КТБда кезектерди болтурбоо максатында Министрлик тарабынан ушул токтомго туура келген жарандарды көчмө тейлөөнү уюштуруу чечими кабыл алынды жана бүгүнкү күндө каттоо маселеси боюнча жарандарды жеринде тейлөө үчүн мобилдик топтордун чыгуу графиги иштелип чыкты»,- деди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбеков.