Мектеп окуучулары ак калпакты аздектеп, мамлекеттик туу күнүн белгилешти. Калаадагы “Ынтымак” эс алуу жайында Жалил Садыков атындагы мектептин окуучулары тарабынан чакан концерт уюштурулду.
Анда ак калпак, туу жөнүндө ырлар айтылып, кыргыз бийлери тартууланды. Ошондой эле майрамдын урматына окуучулардын колунан жасалган көлөмү 1 метр чамалаган калпактар коюлду. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет.
Бул өз кезегинде окуучулардын патриоттук жана улуттук аң-сезимин өстүрүп, улуттук салт, үрп-адатты сактап калууга, кыргыздын тарыхы менен маданиятын эриш-аркак, биргеликте өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.