Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Санариптештирүү - бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал - замандын курч талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Санариптештирүү - бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал - замандын курч талабы

Конституциялык реформанын алкагында сот системасын жөнгө салуучу 5 мыйзам демилгеленип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. 

Президент бул мыйзамдар аркылуу соттордун көз карандысыздыгын чыңдоого жакшы шарт түзүлүп берилгенин белгиледи. Айтымында мындан тышкары дагы судьялардын эмгек акылары жогорулатылып, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жакшыра баштады. Алдыда бул багытта дагы көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылат. 

Ошондой эле, аталган тармактын ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Анткени санариптештирүү — бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал — замандын курч талабы, – деди Садыр Жапаров.

“Ал эми аймактардагы сот имараттарынын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу мен жакшы кабардармын. Судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу боюнча пландарыбыз бар. Демек, мамлекет тарабынан сотторго тиешелүү шарттарды түзүү кадамдары жасалып, камкордук көрүлөт”, - деди президент Садыр Жапаров.