Сот тармагында кадрдык потенциал, кесипкөйлүк жогорку деңгээлде болууга тийиш. Ага жараша Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде да олуттуу өзгөрүүлөр болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров судьялардын XII курултайында белгиледи.
Акыркы жылдары жергиликтүү судьяларды тандоодо аймактык тең салмактуулукка таптакыр көңүл бурулбай калган. Соттордун көбү өзү туулуп-өскөн аймактарга дайындалып, судьялык кызматты аткарууда. Анысы аз келгенсип, бир эле орунда ондогон жылдар бою отуруп калган судьялар бар экенин белгилеген президент сот тармагын ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салуу зарыл экендигин айтты.
“Мындай системаны кечиктирбестен бузуп, ротация жүргүзүү жолу менен жөнгө салышыбыз керек! Былтыр биз жергиликтүү акимдерди ротация кылдык эле. Кудай буюрса, бул ыкма жакшы жемиштерин бере баштады! Эл-журт дагы ыраазы болуп жатат. Көрсө, жасаса болот экен да, болгону коркпош керек”,- деди Президенти Садыр Жапаров.