Жаңылыктар
Өлкөдө 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылды. Акыркы суткада 63 адам илдеттен сакайып чыкты. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 163 бейтап, амбулатордук түрдө 366 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган.