Жаңылыктар
Кемин району: Жел-Арык коктусуна кар көчкү түшүп, бир жаран каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кемин району: Жел-Арык коктусуна кар көчкү түшүп, бир жаран каза болду

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде, 3-март күнү 15:55те жерине Кемин райондук №5 ӨКБнөн беш куткаруучу тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган. Издөө иштерин жүргүзүп, саат 17:45те көчкүнүн астынан 49 жаштагы Б. Р. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.