Жаңылыктар
Аэропортто контрабандалык жүк кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Аэропортто контрабандалык жүк кармалды

Бажычылар Бириккен Араб Эмираттарынан жеткирилген, декларацияланбаган авиациялык запас бөлүктөрүн аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлады. 

Маалыматка ылайык, аба каттамы менен келген декларацияланбаган товар«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Товардын жалпы салмагы 344 килограммды түздү. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.