Жаңылыктар
Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 200дөн 500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 200дөн 500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 200дөн 500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев парламенттин жыйынында билдирди. 

Айтымында, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 700 млн сом каралган. "Пенсияны көтөрүү боюнча сунуштарыбызды бердик, азыр бул маселе каралып жатат", - деди Алиев.