Жаңылыктар
Украинадан кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Украинадан кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда

3-мартта Кыргызстандын 36 жараны Киев шаарынан Львов аркылуу украин-венгер чек ара багытына автобус менен чыгышты. 

Украин-венгер чек арасын кесип өтүү маселеси өлкөнүн Венгриядагы элчилиги менен биргеликте кеңешип жүргүзүлүүдө. Министрликтин тапшымасы боюнча Венгриядагы элчилик мекендештерибизди Будапешт шаарында мейманкана жана тамак-аш менен камсыз кылып, зарыл жардам көрсөтүүдө. Польша тарап менен макулдашууларга ылайык, Кыргызстандын жарандары Харьков шаарынан Львов шаарына темир жол аркылуу акысыз бара алышат. 

Ошону менен бирге активдүү согуш аракеттери жүрүп жаткан шаарлардагы кыргыз жарандарына атайын коргонуучу жайларда болуу сунушталды. Киев шаарында кырдаал курчуганына байланыштуу Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө, эвакуациялоого байланыштуу ишин мындан ары Украинанын батыш бөлүгүндө улантат.