УКМК «NEXT TV» телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Маалыматка ылайык, «NEXT TV» Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчисине шилтеме берүү менен "Россия менен Украинанын ортосундагы жагдайда Кыргызстан Орусияга аскердик жактан жардам көрсөтөрү боюнча макулдашты" - деген жалган маалымат тараткан.
Атайын кызмат мындай аракеттер Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин элин түшүнбөстүккө алып келип, улуттар аралык кастыкты козутууга негиз боло турганын билдирип, учурда иликтөө жүрүүдө. Эми аталган телеканалдын жооптуу адамдарына карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын кесиптик этиканы сактоого, өлкө аброюна шек келтире турган жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Комитет деструктивдүү күчтөрдүн коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында интернет мейкиндигине туруктуу мониторинг жүргүзүп турат.