Жаңылыктар
Ош шаарында күн сайын кечкисин коомдук транспорттор текшерилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында күн сайын кечкисин коомдук транспорттор текшерилүүдө

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын, Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ шаардагы маршруттук каттамдардын иштөө интервалдарына, алардын техникалык абалына көзөмөл жүргүздү.

Белгилей кетсек, учурда коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү саат 21:00гө чейин тейлейт. Жүргүнчүлөр шаардагы кичи автобустардын ишин көзөмөлдөй баштагандан бери кечкисин каттаган маршруттук каттамдардын саны бир топ көбөйгөнүн билдиришүүдө.

Курманжан-Датка, Г.Айтиев, Масалиев көчөлөрүндө маршруттук таксилердин ишин текшерүүнүн жүрүшүндө №107 маршруттук линияда бузуу фактысы аныкталды. Тартип бузган тарапка тиешелүү чара көрүлөт. Мындан ары рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.