Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.
Белгилесек, 2011-жылдан тарта «Zijin Mining» тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган «Supurb Pacific Ltd» компаниясы «Алтынкен» ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ.
Жолугушууда Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.