Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү. Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.
Туу кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Анын ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кырмызы түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Желектин авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Бүгүн, 3-мартта, Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Салтанаттуу иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлөт.