Жаңылыктар
Шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө жеке салымыңды кош
Кыргызстан жаңылыктары
Шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө жеке салымыңды кош

Шаарларды жана айылдарды өнүктүрүүгө жарандардын катышканы баалуу салым кошуп жатат. Бул тууралуу «Жакшырган жашоо шарттары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандардын биргелешкен ишинин натыйжасы” деп аталган конференция учурунда белгиленди. 

Ушул тапта мындай иш-чаралар Ош жана Бишкек шаарларында өтүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Латвиянын, Швейцариянын, Нидерландиянын жана башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өнүгүү жаатындагы тажрыйбалары талкууланууда. Анда катышуучулар бюджеттик процесске, экономиканы, мейкиндикти жана коомду өнүктүрүүнү пландаштырууга кантип катыша аларын, кызмат көрсөтүүлөргө кантип мониторинг жүргүзүлөрү туурасында маалымат алмашышат.

«Жарандар менен сапаттуу жана ак ниет байланыш түзүү, аларга аймакта турмуш тиричиликти уюштуруу боюнча өз идеяларын ишке ашырып, жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуу үчүн натыйжалуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилигинин маанилүү фактору болуп саналат. Бул маселеге байланыштуу тажрыйбалардын жана билимдердин тездик менен көбөйүп жаткан көлөмүн эске алуу менен, аларды жайылтуу зарылчылыгы айдан ачык болуп турат»,- деди Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Элчибек Жантаева.