Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, кооптуу аймакта жашаган эл менен жолугуп, коопсуз аймакка көчүп чыгуу боюнча эскертишти. Белгилей кетсек, район аймагында 768 үй-бүлө жер көчкү жүргөн кооптуу аймакта жашайт.
Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка аймакка көчүрүү тапшырмасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана айыл аймак башчыларына жүктөлгөн. Жакынкы аралыкта аларды көчүрүп чыгуу аракети колго алынат.