Былтыркы жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 20,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады. Тагыраагы, акчалай кирешенин көлөмү 397 миллиард сомго жеткен.
"2020-жылы киши башына болгон киреше айына 6 миң 142 сомду түзүп, мурдагы жылдын тогуз айындагы көрсөткүчкө караганда 20,2 пайызга жогорулаган. Элдин кирешесинин 68,6 пайызын айлык маянасы түзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул көрсөткүчтөр пандемиялык чектөөлөр күчөп турган 2020-жылга салыштырмалуу болуп жатат. Анда жалпысынан кыргызстандыктардын кирешеси 5,1 пайызга азайып кеткен.