Башкы прокуратура тарабынан “Ошэлектр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында аталган ишкананын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 134 млн 404 миң сомдон ашуун зыян келтирилгендиги тастыкталды.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза “Корруция” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүүдө.