Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Аравиянын Коммерция министри Мажид бин Абдулла Аль-Касаби менен жолугушту.
Анда соода жүгүртүүнү жогорулатуу, туристтик дараметти жана логистиканы кеңейтүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, Кыргызстанда Сауд Аравия жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим иштейт. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта алгач ирет Бишкек - Жидда – Бишкек чартердик каттамы ачылган. «Түз авиакаттамдардын ачылышы ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, өз ара туризмди чыңдоого, эки элдин алакасын жакшыртууга жана өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт», - деди Кожошев.
Өз кезегинде Коммерция министри өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташуу үчүн пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечекте өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.