Кыргызстандын эки жараны Москва районундагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Россиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кырсык Москва облусунун Люберцы шаарындагы турак үйлөрдүн биринин 17-кабатында катталган. Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган жаран каза болуп, 1995-жылы туулган кыргызстандык оор абалда ооруканага жаткырылган.
"Элчилик тергөөчү, маркумдун жакындары жана жабыркагандар менен байланышта болуп жатат. Учурда окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.