Жаңылыктар
Токтогул токой чарбасынын базасында заманбап күнөскана курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул токой чарбасынын базасында заманбап күнөскана курулду

Токтогул токой чарбасынын базасында, аянты 800 чарчы метр заманбап күнөскана ишке кирди. Муну Дүйнөлүк Банк каржылап, “Кыргыз Республикасындагы токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында ишке ашырды. 

Буга 3 миллион 400 миң сом сарпталган. Токой чарбасы бул күнөсканада бир нече көчөттүн түрүн өстүрүп баштады. 8 миң даана жаңгак тамыры жабык тамыр ыкмасы аркылуу даярдалууда. Күнөсканада өстүрүлгөн көчөттөр кийин токойдун аймагына которулуп отургузулат.