Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Кытай улуттук интеллектуалдык менчик мекемесинин комиссары Шэнь Чанъюй менен онлайн жолугушту.
Тараптар ведомстволор аралык кызматташуунун келечегин жана “Бир кур бир жол” долбоорунун алкагында интеллектуалдык менчик жаатында алака түзүүнү талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ойлоп табуучулук ишмердикти шыктандыра турган атайын тренинг уюштурууну макулдашты. Кыргызпатент Кыргызстанда интеллектуалдык менчик академиясын ачууга көмөктөшүүнү суранды.
Кытай тарап болсо бул сунушту карап чыга тургандыгын билдирди. Комиссар Шэнь Чанъюй расмий түрдө кесиптеши, Кыргызпатенттин директорун ушул жылы “Бир кур бир жол” добоорунун алкагында өткөрүлө турган Интеллектуалдык менчик жаатындагы жогорку деңгээлдеги III конференцияга катышып кетүүгө чакырды.