Жаңылыктар
Кыргызстан - Кытай: парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Кытай: парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Алгач Талант Мамытов Ду Дэвэнди эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык бардык багыттар боюнча өнүгүү жолунда бара жаткандыгын белгилеген Талант Мамытов, мамлекет башчыларынын жыл башында болгон жолугушуусу тууралуу сөз кылды. Тагыраагы, Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын лидери менен болгон жолугушуусунда кызматташтыктын жаңы багыттары белгиленип макулдашуулар талкууланганын кошумчалады. Төрага Кытай өкмөтүнө 50 млн юань өлчөмүндө аскердик жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эми элчи, Кытай Кыргызстанга эң жакын кошуна, дос жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Март айынын аягында Кытай Эл Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын эки тараптуу жолугушуусун сунуштады. Муну менен катар Кытай тарап Кыргызстандын парламентинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында акчалай колдоо көрсөтөрүн айтты. Мамытов сунушту канааттануу менен кабыл алды. Кытай элчилиги менен тыгыз байланышта иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.