Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты компьютердик клубдарга рейд өткөрдү.
Маалыматка ылайык, текшерүү жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, балдардын кароосуз калган фактыларына бөгөт коюу максатында уюштурулду.
Түнкү рейдди акимчилик РИИБ, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, билим берүү борборунун балдар иштери боюнча инспекторлору биргеликте өткөрдү.
Жыйынтыгында жашы жете элек 19 баланын өздүгү аныкталып, алардын 18и туугандарына өткөрүлүп берилди. 1 жашы жете элек бала ИИМдин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна дайындалды.
Ата-энелерге коомдук жайларда балдар кароосуз жүргөнүнө жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесинин негизинде эки жашы жете элек баланын ата-энесине протокол түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып салынды.